We use cookies - they help us provide you with a better online experience.
By using our website you accept that we may store and access cookies on your device.

Эң бай клуб nurchin

Кыргызстандын эң бай жана эң эски футбол клубу nurchinдин машыктыруучусу kg-nurchin менен болгон маек.

ХТ оюнун кандай таптын жана ким аркылуу ойноп баштадын?

Эң биринчи оюнду 2004 жылдары Турцияда окуган кыргыз байке үйрөткөн. Кийин ал таштап койду, мен акчага кызыгып таштай албадым )). Биринчи командамда тааныш бироого оюнчумду кымбатыраак сатып койгон үчүн жаап коюшкан, 40-50 млн көбүрөөк таба коем деп, азыр ойлосом күлкүмүштүү сумма экен. Азыркы командамды 2006 сентябрда баштагам, активдүү ойнобогон үчүн акча топтоо жолун өттүм, акыркы 3-4 сезон клубдун бюджети өзгөргөн жок көп деле

ХТти кызыкканын учун ойноп жатсан керек, кыялын кандай? Чемпиондук жана ХТ-Мастерске даярдык деп ойлосок болобу?

Кызык азырынча жок, кызык пайда болуп калабы деп таштай элекмин. Чынын айтсам 2 сезон мурун аябай акча коротуп жакшы эле чыгайын дедим 1-лигага. 2-лигадан эле өтпөй калдым. Кайра баарын сатып, 3-лигада кайра акча топтомой жолго түштүм.
Чемпион болуш жана ХТ мастерс даярданбадым, ал жакта акчадан көп жөндөмгө байланыштуудай сезилди.

Жаны кирген оюнчуларыбызга кандай сунуштарын бар? Жана кандай тажырыйбаларыны болушкун келет?

Жаштарга негизи эле акча коротуусунда бир стратегия тандап алса жакшы болот башында. Чемпион болууну үйрөтө албайм тилекке каршы, өзүм болуп көрбөгөм ))). Негизи кызыгып, чемпион болгондордун оюнчуларын стратегиясын эле караса жетет го дейм. Замат чемпион боло албайт бирок акыры болот деген ойдомун.

Улуттук курама командабыз боюнча оюн кандай?

Улуттук курама командасы үчүн Кыргызстанда көп команда болсо кана жакшы жерлерге барат деп ойлойм, азыр бизде кайра азайып жатпайбы. Негизи эле хаттрикте азайып кетти, мурда 1 млн активдуу оюнчу болсо азыр жарымы кана активдуу

Кандай досторун бар жана кандай досторду таптын ХТде?

Достор бар эле баары таштап коюшту уже. ХТ да көп деле сүйлөшпөйм эч ким менен. Туркия лигасында ойногондор бар эле.

ХТ-нын кандай озгочолугу жагат жана башка оюндардан айырмасы эмнеде?

жумасына бир жолу кирип жакшы эле ийгиликтерге жетишсе болот, башка оюндардай коп убакыт талап кылбайт деп ойлом.

2016-05-08 17:14:06, 2097 views

Link directly to this article (HT-ML, for the forum): [ArticleID=19561]

 
Server 071